Жарнама үчүн орун 1200x100 px

HRW түркмөн укук коргоочусунун апасынын үйүнө жасалган чабуулду айыптады

0

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму учурда чет өлкөдө жашаган түркмөн укук коргоочусунун үйүнө жасалган кол салууну айыптады.

Human Rights Watch 6-ноябрда тараткан билдирүүсүндө түркмөн бийлигин кол салууну айыптоого жана тыкыр иликтөөгө чакырды. 28-октябрда белгисиз кишилер “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” укук коргоо тобунун жетекчиси Тухбатуллиндин апасы Халида Избастинованын терезесин талкалап кетишкен. Избастинова физикалык жактан жабыр тарткан эмес, бирок “тез жардам” чакырууга туура келген.

“Сыягы, чабуул кокустан эмес”, - деп эсептейт HRW уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Рэйчел Денбер. “Бул өкмөт активисттери катуу көзөмөлдөп жаткан маалда болууда. Бийлик Тухбатуллинге колу жетпей жатат, ошондуктан алар аны эскертүүнүн башкача ыкмаларын колдонууда”,- деди Денбер.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1025
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники