Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Бабанов инсультка кабылдыбы?

0

"Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодон кийин инсультка кабылыптыр", - деген кептер айтылган. Анын фракциялашы, ЖКнын вице-спикери Алтынай Өмүрбекова айтылып жаткан кептер чындыкка дал келбей тургандыгын журналисттерге билдирди.

"Өмүрбек Бабанов инсультка кабылды деп айтылып жаткан кептер чындыкка дал келбейт. Балким муну каалагандар бар окшойт. Ал азыркы тапта дарыланып жүргөнүн так билем, бирок кайсыл жакта экенин билбейм", - деди ал.

Ал Бабановду фракция жетекчилигинен кетирүү тууралуу кептерге да жооп берип, мунун баарын чындыкка жатпайт деди. Анын айтымында президенттик аппаратта отургандар фракция лидерин алмаштырып, фракцияны көз-каранды кылуу аракетин көрүп жаткан болушу мүмкүн.

"Эгерде, фракция лидерин алмаштыруу маселеси көтөрүлсө, ал фракция ичинде чечилет. Мындай маселе жетинчи кабаттан чечилбейт, 28 депутат мындай кадамга барбайт деп ишенем", - деп кошумчалады ал.

 

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1040
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники