Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ренат Самудинов менен аялы АКШда кармалдыбы?

0

Бүгүн, tuz.kg сайты активист Ренат Самудинов менен анын жубайы журналист Элнура Молдокадырова 19-октябрь күнү Америка кошмо штаттарында чек ара кызматы тарабынан кармалганын жазып чыкты.

Андагы маалыматка таянсак, жубайлар Мексика аркылуу АКШга кирүүгө аракет кылышкан. Бирок, Америкага кирүү үчүн визасы жок болгондуктан чек арачылар тарабынан кармалган. Визанын ордуна алар "Саясий башпаанек" сурашканын өздүк булактарына таянуу менен жазды аталган сайт.

Биз бул боюнча Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда:

"Бул маалымат интернетке тарагандан кийин иликтөөгө ала баштадык. Маалыматты тактагандан соң гана журналисттерге билдирүү таратабыз", - деп билдиришти.

Ал эми Самудиновдун санаалаштарынын бири Адиль Турдугулов анын чет өлкөгө чыгып кетүү планы болгондугун билбей турганын айтты.

"Чет өлкөгө чыгып жатам деп бизге айткан эмес, ар ким кайда жашоо өз эрки. Мен да интернеттен окуп алып таң калдым", - деп айтты Турдугулов.

Самудинов менен Молдокадырованын фейсбук баракчасына көңүл бура турган болсок, экөө тең акыркы жолу 18-октябрь күнү билдирүү калтырышыптыр.

 

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1056
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники