Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Үйлөнүү тойдо жүргөн жаштар ПМдин унаасын талкалап салышты

0
8-ноябрь күнү саат 17:00лер чамасында Жалал-Абад ОИИБнин Патрулдук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан парктын алдында үйлөнүү тойго келген жарандарды коомдук жайда жалпыга бирдей болгон жүрүшү турушун бузган жарандарды бөгөт коюуга чакырышкан.
Бирок 10-15 чакты жарандар милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына каршылык көрсөтүп, баш ийбестен тескерисинче Жалал-Абад ПМБнын “Ниссан” үлгүсүндөгү кызматтык автоунааны уруп тепкилешип, материалдык зыян келтиришкен.
Бейбаштык уюштурган жарандарды тартипке салуу максатында кошумча күчтөр тартылып, баары Жалал-Абад ШИИБге алынып келинди. Ошондой эле медициналык кароодон өткөргөн учурда алардын мас абалда болгондугу аныкталды.
Бул окуя боюнча Жалал-Абад ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө
URL: http://kyr.bulak.kg/show/1063
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники