Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Бишкекте асма көпүрө ишке берилди

0

Аламүдүн базарына жакын жерде асма көпүрө курулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, Курманжан-Датка көчөсү менен Муса Жалил көчөлөрүнүн кесилишинде асма көпүрөнүн салтанаттуу ачылышы бүгүн болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Эшенбаев Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков жана шаар тургундары катышты.
Андан сырткары "Мадина" базарынын жанында да асма көпүрөнүн курулушу жүрүп жатат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1072
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники