Жарнама үчүн орун 1200x100 px

«Амир-Тимур» аймактык кеңешине Ош шаардык өрткө каршы кызматынын бөлүмү ачылат

0

Бүгүн, 2017-жылдын 9-ноябрында Ош шаарынын «Амир-Тимур» аймактык кеңешинин тургундары менен Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык Кеңештин депутаты Дильдор Абдурасулов жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда Амир-Тимур аймактык кеңешинин негизги көйгөйлөрүнүн бири болгон өрт коопсуздугу жөнүндө маселе каралып, жашоочулардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынын бөлүмүн куруу иштерин тездетүү керектиги айтылды.

Жыйынтыгында, «Амир-Тимур» аймактык кеңешинде өрткө каршы кызматынын бөлүмүнүн курулушу жакынкы күндөрдө башталарына жашоочулар тарабынан ыраазычылыктар айтылып, ак баталарын берип узатышты.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1084
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники