Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Улан Чолпонбаевдин ордуна Закир Шарапов келиши мүмкүн

0

11-ноябрь күнү узакка созулган оорудан улам каза болгон депутат Улан Чолпонбаев бүгүн жерге берилди. Анын ордуна Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин мурдагы статс-секретары Закир Шарапов келиши мүмкүн. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, 2015-жылы "Республика — Ата Журт" партиясы аны өз каалоосу менен тизмеден чыкты деп жарыялаган. Бирок ал соттошуу жолу менен тизмеге кайрадан кирген болчу.

 "Республика — Ата Журт" фракциясында акыркы жолу орун алмашуунун жыйынтыгында ИИМдин мурдагы жетекчиси Зарылбек Рысалиев депутат болуп келген. Рысалиевден кийин тизме боюнча Закир Шарапов турат, бирок фракциянын катчылыгы ал өз каалоосу менен тизмеден чыкканын айтууда. Шараповдон кийинки 5 киши да тизмеден чыгарылган.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы Шараповдун тизмеден чыгуу боюнча арызы жок экендигин баса белгилешти.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1107
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники