Жарнама үчүн орун 1200x100 px

"MegaCom" компаниясын сатып алууга кызыккандар көбөйдү

0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков бир нече компаниялар "Мегаком" уюлдук компаниясын сатып алуу үчүн арыз беришкенин айтты. Буга чейин аны сатып алуу үчүн мурда Елена Нагорная аттуу орус бизнесмени гана арыз берген болчу.

Kloop.kg сайтына Болсунбек Казаковдун айтымында жакынкы аралыкта ал компаниялардын аты аталат.

"Биз эч кимди четке какпайбыз, бүгүнкү күндө дагы башка сатып алуучуларды күтүп жатабыз. Биз "Мегаком" ишканасынын сатылышын ачык өткөрөбүз", - деди ал.

Казаковдун айтымында Кыргыз өкмөтүнүн Елена Нагорнаянын алдында эч кандай милдети жок.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1115
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники