Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Бабанов фракция лидерлигинен кетти

0

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов фракция лидерлигинен четтетилди. Бул тууралуу  фракциянын депутаты Алиярбек Абжалиев билдирди. 

Маалыматка таянсак, Бабанов өз каалоосу менен фракция лидерлигинен кетүү тууралуу арыз жазган.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон.

Учурда ал чет өлкөдө дарыланып жаткандыгы маалым. Анын кайсыл жерде экендиги так маалым эмес, айрым маалыматтарда ал Прагада даарыланууда.

Буга чейин президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов инсультка кабылыптыр деген маалымат желдей тараган. Бирок, фракция депутаты Алтынай Өмүрбекова бул маалыматтардын баарын четке кагып, анын чет өлкөдө даарыланып жатканы чын экенин, бирок инсультка кабылбаганын айткан.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1118
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники