Жарнама үчүн орун 1200x100 px

"Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери ким болот?

0

Кечээ, Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов кызмат ордун өз каалоосу менен тапшырып бергени маалым болду. Учурда анын ордуна талапкерлердин саны көбөйүп жатат.

Фракция лидери болууну каалагандардын ичинде Талант Мамытов, Курманкул Зулушев, Руслан Казакбаев, Зарылбек Рысалиев жана Умбеталы Кыдыралиев бар.

"Фракция лидерин көпчүлүк эмес, жалпы депутаттардын баары колдошу керек, лидерди жакынкы күндөрү шайлайбыз. Балким ушул жума күнкү жыйында лидер шайланышы мүмкүн", - деп билдиришти аталган фракциядан.

Өмүрбек Бабановго Кылмыш жаза кодексинин эки беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал учурда чет өлкөдө дарыланып жатканы маалым, бирок кайсыл жерде экендиги белгисиз.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1123
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники