Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Бабанов 45 үгүтчүсүнүн акчасын бербей койгон

0

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов шайлоо бүткөн соң, үгүтчүлөрүнүн маянасын бербей койгон. Бул тууралуу Бабановдун үгүтчүлөрүнүн бири Байтик Кадыршаев айтып чыкты. Анын айтымында Бабанов 45 кишинин маянасын бербей койгон.

Ал бүгүнкү маалымат жыйында Бабанов менен 7 жыл чогу иштешкенин айтты. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине да катышканын, бирок шайлоодон кийин 45 кишинин маянасын бербей койгонун билдирди.

Байтик Кадыршаевдин айтымында алар Таластагы митингде Бабановду колдоп чыгышкан. Бирок ал тарапташтарынын мындай кадамын баалаган эмес.

"Биз ал келет, бизди колдойт, таштап кетпейт деп ойлогонбуз, бирок келбеди. Канча киши Бабановго нааразы болуп калышты. Бул жакка келеби же келбейби белгисиз, бирок 45 кишиге 15 миң сомдон төлөп бербей койду", -деди ал.

Эске салсак, РАЖдын лидери Ө. Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал эми кечээ анын өз эрки менен фракия лидерлигин тапшырып бергени маалым болду.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1129
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники