Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Атамбев Ирандын президентине көңүл айтты

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Ирандын батыш провинцияларындагы жер титирөөнүн кесепетинен көп адамдар каза таап, олуттуу талкалоолор болгондугуна  байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роуханиге көңүл айтты.

 “Каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандардын бардыгы тезирээк сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюуңузду өтүнөм”, -деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1131
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники