Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Дагы бир журналистке өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

0

Бишкекте "Трибуна.kg" гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковго сот өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасына жарыялады.

 Андагы маалыматка таянсак, Октябрь райондук соту ага өлкөдөн чыгууга тыюу салган.

Соттук экспертизанын мурдагы жетекчиси Абдурахман Кадыровго моралдык чыгым келтиргендиги үчүн 200 миң сом төлөп берсин деген арыз себеп болгон.

Өмүрзаковдун айтымында "Дизель" гезитине чыккан материал үчүн ага карата сот тарабынан ушундай чечим чыккан. Бирок, ал өзү бул макалага тиешеси жок экенин айтууда.

"Бишкек шаардк соту жана Жогорку Сот бул ишти кайра тергөөгө жиберген. Бирок, ага карабай Октябрь райондук сотунун судьясы мени өлкөдөн чыгууга чектөө киргизди", - деп жазды ал.

Буга чейин журналисттер Нарын Айып менен Дина Масловага өлкөдөн чыгууга тыюу салынса, "Сентябрь" каналы жабылган.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1133
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники