Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Боом капчыгайында жол кырсыгынан 2 киши жабыркаган (Фото)

0

Кечээ, кечки саат 19:00 чамасында Боом капчыгайында жол кырсыгы катталып, андан эки киши оор жаракат алган.

Жеңил унаа менен оор жүк ташуучу унаа кагышып, жеңил унаадагы жубайлар жабыркаган. Бул тууралуу жабырлануучу Рахатбек Үсөнкожоев өзү билдирди.

"Мен инвалиддер коляскасында отурам, Ат-Башыдан Бишкекке көчүп келгенбиз. Өзүм кол өнөрчүлүк менен алектенем. Жолдо келе жатканыбызда КамАЗ унаасынын жол эрежесин бузгандыгынан кырсыкка кабылдык. Алгач Кемин шаардык ооруканасына жеткиришти, ал жактан Бишкектеги Республикалык ооруканага которушту. Бизди сүзүп кеткен КамАЗдын айдоочусу окуя болгон жерден качып кетти, учурда абалыбыз оор", - дейт ал.

Үсөнкожоев Сооронбай Жээнбеков Нарынга барганда ага жолукканын, кандай жардам керек болсо көмөктөшөөрүн айтканын кошумчалады. Ал Сооронбай Жээнбековго жолугуп, андан жардам сурагысы келгенин, бирок ага жетпей кырсыктап калганын айтты.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1138
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники