Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Кочкордо 3 кишинин жансыз денеси табылды

0

Өткөн суткада Нарын облусунун Кочкор районунда 3 кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, биринчи дене Арчалуу айылынан табылган. Экинчиси биринчи дене табылгандан бир жарым сааттан кийин Орто-Токой суу сактагычынын жээгинен табылган. Ал эми үчүнчү маркумдун денеси Чу дарыясынын жээгинен табылган.

Учурда 3 маркумдун өздүгү такталууда, алардын эмнеден улам каза болгону белгисиз. Милиция кызматкерлери алардын өздүгүн тактоо менен алектенүүдө.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1148
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники