Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Военно-Антоновка айылында айдоочу 2 кишини өлтүрө сүзүп кетти

0

Бишкек-Чалдовар жолундагы Военно-Антоновка айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

1994-жылы туулган Т.С аттуу жаран "Мерседес-Бенц" унаасы менен 2 жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Окуя 14-ноябрдан 15-ноябрга караган түнү орун алган. Кырсыктан 1988-жылы туулган Н.Н аттуу жаран менен 1987-жылы туулган К.Б окуя болгон жерден каза болгон.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1150
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники