Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Депутаттар Улан Чолпонбаевди эскеришти

0

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутаттар "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты, маркум Улан Чолпонбаевди эскерип, бир мүнөттүк жым-жырттык жарыялашты.

Эске салсак, Улан Чолпонбаев узакка созулган оорудан улам каза болгон. Аны Ала-Арча көрүстөнүнө 13-ноябрь күнү жерге беришкен.

Азырынча анын ордуна ким депутат болуп келээри белгисиз бойдон калууда. Анткени, тизме боюнча Закир Шарапов турат. Бирок, РАЖ аны өз каалоосу менен тизмеден чыккан деп билдирүү таратты. Ал эми, БШК болсо, Шараповдон тизмеден чыгуу тууралуу арыз түшпөгөнүн, партия аны тизмеден чыгарганда, соттошуу жолу менен ордун калыбына келтиргенин айтышкан.

РАЖдагы тизме боюнча Мамкаттоонун Транспорттук каражаттарды каттоо жана айдоочулук курам депортаментинин мурунку жетекчиси  Дюшалиев Абдыбек Кашымбекович келет.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1151
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники