Жарнама үчүн орун 1200x100 px

MegaCom Елена Нагорнаяга сатылбайт

0

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" ЖЧКсын Россиялык бизнесмен Елена Нагорнаяга сатпай турган болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, бүгүн Нагорная менен сүйлөшүүлөр токтотулду. Анткени, тараптар  "Альфа Телеком" ЖЧКсын сатууда орток пикирге келе алышкан эмес.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков Европадан жана Кипрден келген кардарлардын билдирүүлөрүн окуп жатканын айтты.

"Кайсыл компаниялар MegaCom'ду сатып алууга кызыктар экенин айтпай турайын. Азырынча биз алардан келген каттарды окуп жатабыз, алар өтө чоң компаниялар", - деп айтты Казааков.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1155
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники