Жарнама үчүн орун 1200x100 px

Ошто жаңы төрөлгөн ымыркай табылды

0

Ош шаарында жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Милициянын маалыматына таянсак, окуя 14-ноябрь күнү 22:00 чамасында жаш баланын кийимине оролгон жаңы төрөлгөн ымыркай табылгандыгын жергиликтүү тургундар милицияга кабарлашкан.
Милиция кызматкерлери жаңы төрөлгөн ымыркайды Ош шаардык төрөт үйүнө алып барышкан. Дарыгерлер жаңы төрөлгөн ымыркайды текшерүүгө алганда 3 кг 270грамм салмакта экени аныкталган. Анын абалын дарыгерлер туруктуу деп аташууда.

Учурда ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүп жатат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1156
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники