Жарнама үчүн орун 1200x100 px

100дөн ашуун мал уурдаган топ боюнча тергөө амалдары уланууда

0

Буга чейин милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулк менен алектенген топ кармалгандыгы маалымдалган. Алар Чүй, Жалал-Абад, Ош облустарында мал уурулук менен алектенип келишкен. Кылмыштуу топтун курамын 3 киши түзүп, алар 1973, 1974, 1984-жылы туулган Ош облусунун Алай районунун тургундары болушкан. Алардан экөө Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашап келишкени тергөөнүн жүрүшүндө билинген.

Азыркы тапта алардын 96 баш мал, 6 жылкы уурдагандыгы такталды. Алар Жалал-Абад облусунда мал уурулук беренеси менен козголгон 12 кылмыш ишине тиешеси бар болуусу мүмкүндүгү аайтылууда. Анткени, кылмыштуу топ дал ушул облуста эң көп уурлук кылышкан. Уй жана жылкыларды көбүнчө Жалал-Абаддан уурдашкан.

Бул кылмыштуу топтун Ош облусунун аймагында орун алган мал уурулуктун алтоосуна тиешеси бар экени такталды. Чүй облусунда дагы тергөө амалдары жүрүп жаткан 6 фактка тиешеси бар экени аныкталды.

Азырынча бул кылмыштуу топтун 24 уурулукка тиешеси бар экени, алардын баары уй жана жылкы уурулуктар экени такталды.

ИИМдин Ош шаары боюнчча башкармалыгы тарабынан тергөө амалдарынын жүрүшүндө Алай жана Чоң-Алай районунда бул топтун уурдаган 12 баш уйу табылды. Андан сырткары кылмыштуу топ колдонон «MAN» үлгүсүндөгү унаа да табылды.

ИИМ кызматкерлери тарабынан бул кылмыштуу топко тиешеси бар дагы бир кишинин бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1158
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники