Тез жаңылыктар:

Министр Батыралиев кызматтан кетеби?

0

Сапар Исаков премьер-министр болуп келгенде айланасындагы министрлердин көбү өзү менен жашташ болуп, 40-50 жашты түзгөн болчу. Улуу министрлердин бири Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин орду талашка түшкөндүгү айтылды.

Бизге жеткен маалыматка таянсак, өкмөттө Нарын кланы Батыралиевди кызматтан оодарып түшүп, анын ордуна Дамира Ниязалиеваны коюнун аракетин кылып жатышыптыр.

Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда:

"Батыралиев кызмат ордунда жакшынакай эле иштеп жатат. Бизде анын кызматтан кете тургандыгы тууралуу маалымат жок, жөн гана ушак таратып жатышат", - деп билдиришти.

Эске салсак, Дамира Ниязалиева буга чейин Саламаттык сактоо министри кызматында иштеп кеткен. Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер-министри да болгон.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1326
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники