Тез жаңылыктар:

"Теплые Ключи" эс алуу жайында 15 гектар жер күйүп жатат

0

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 2017-жылдын 23-ноябрында саат 15:15 чамасында Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн Теплые Ключи эс алуу жайынын түштүк чыгыш тарабында тоонун чокусунда болжол менен 15га аянтта куураган чөп жана арчалар күйүп баштаган.

Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу КР ӨКМнин Аламүдүн райондук бөлүмүнүн башчысы жана токой чарбасынын кызматкерлери тартылды. Тоодо күйүп жаткан куураган чөптү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, түн киргендигине байланыштуу өрттү өчүрүү иштери саат 20:10до убактылуу токтотулду.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1434
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники