Тез жаңылыктар:

Нарында жол кырсыгынан 4 киши каза болгон

0

2017-жылдын 26-ноябры күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 180-чакырымындагы Кубакы ашуусундагы көпүрөдөн “Тайота Карина” үлгүсүндөгү мамлекеттик № S 62 08Y автоунаа сууга кулап кеткен. Унаанын ичинде төмөндөгү жарандар болгон:

  1. Айдоочу- Ж. М.1964-ж.т. (Каза болгон);
  2. Аялы-Т. Д. 1969-ж.т.(каза болгон);
  3. Кызы-М.К. 1990-ж.т. (каза болгон);
  4. Небереси-Т.К. 2017-ж.т. (каза болгон).

Кырсык болгон жерде КР ӨКМнин Кочкор району боюнча бөлүмүнөн 12 куткаруучу, Кочкор райондук ИИМ бөлүмүнүн МАИ кызматынан 4 адам, опер группада 6 адам, 1 даана МАИ унаасы, тез жардам кызматынан 3 медицина кызматкери, 1 даана тез жардам унаасы тартылып, каза болгон жарандар Кочкор райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1454
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники