Тез жаңылыктар:

Окуучулар милициянын иши менен таанышты (Фото)

0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук бѳлүмү тарабынан шаардагы жашы жетелек ѳспүрүмдѳрдүн арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында ачык эшиктер күнү ѳткѳрүлдү. Бул күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шаардагы 70 ашуун мектептерден миңге жакын окуучулар келишип, шаардык милициянын кызматтары менен таанышып чыгышты. Окуучулар үчүн кылмышка шектүүлѳр кармалуучу жай, ок атып үйрѳнүүчү жай ѳзгѳчѳ кызыгууларды жаратты. Андан сырткары башкармалыктын тез аракет кѳрүүчү отрядынын кызматкерлеринин ѳз ара окуучуларга кѳрсѳткѳн машыгуу чеберчиликтеринин ыкмалары ѳзгѳчѳ таасир этти.
Милиция кызматкерлеринин жетекчилиги окуучулардын алдында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган лекцияларды ѳтүшүп, аларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бул багытта ѳзүнүн иш-аракеттерин улантууда. Жакынкы күндѳрдѳ мектеп окуучуларынын жогорку класттарынын арасындагы спорттук мелдештерди уюштурууну болжолдоп жатат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1505
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники