​Ош шаарында жаңы ФАПтын ачылышы өттү (Фото)

0

Бүгүн, Ош шаарындагы №3 «Сулайман-Тоо» аймактык кеңешинин Давыдов атындагы көчөсүндө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ФАП) салтанаттуу ачылуу аземи өткөрүлдү.

Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Сухбатила Мирзаев, шаардык Кеңешинин депутаты, социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Ашим Осмонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактын тургундары катышышты.
Ж.Ормонов өз сөзүндө үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун ачуу демилгеси шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан көтөрүлгөндүгүн белгилеп, аткаруу бийлигинин алгылыктуу иш-аракеттерине депутаттардын атынан ыраазылык билдирди. «Сулайман-Тоо» аймактык кеңешинин тургундарын куттуктоо менен бирге, мындан ары да шаардык Кеңешинин депутаттары тарабынан калкка кызмат көрсөтүү обьектилеринин иштерин жандандыруу жана жаңы имараттарды курууда көмөк көрсөтүү иштеринин улана беришин билдирди.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1516
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники