Тез жаңылыктар:

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөндү (Фото)

0

Жалал-Абад облусунун патрулдук милиция кызматкерлери 3- 5-декабрь аралыгында жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү.Окуу Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому менен КР ИИМнин ортосундагы түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлүүдө.
Семинардын жүрүшүндө патрулдук милиция кызматкерлери жол кырсыгына кабылган адамдарга дарыгерге чейинки алгачкы жардам көрсөтүүнүн негизги эрежелерин үйрөнүштү.

Жалал-Абад областы боюнча Патрулдук милиция кызматынын үгүт насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Нурлан Саркаровдун айтымында, дүйнөлүк статистикада көрсөткөндөй жол кырсыгынан жабыр тарткандарга ооруканага чейин туура эмес жеткизүүнүн (транспортировканын) натыйжасынан адам өлүмдөрүнүн саны өсүп жаткандыгын белгилейт. Ошондуктан иш-чараны башкы максаты жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу болуп саналат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/1656
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники