Тез жаңылыктар:

Статкомитеттин жетекчисинин кабинетинде мастар уктап жатат. Иликтөө иштери башталды

0

Социалдык түйүндөрдө Ноокат районунда Улуттук статистка комитетинин жетекчиси өзүнүн бөлмөсүндө мас абалында уктап жатат деген видео тарады.

Улуттук статистка комитети аталган видеонун негизинде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Иликтөөнүн аякташы менен толугураак маалымат берилээрин билдиришти.

"Кечээтен бери атайын түзүлгөн комиссия иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бирок видеодогу мас абалында уктап жаткандардын бири Ноккат райондук статистика комитетинин жетекчиси экендиги тактала элек", - деп айтышты аталган мекемеден.

Эгерде, бул факт тактала турган болсо, аталган жетекчи кызматынан кол жууп калышы мүмкүн. Мас абалында уктап жаткандардын бири жетекчи болбогон күндө да ал административдик жоопкерчиликке тартылат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2554
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники