Нарында хоккей боюнча эл аралык таймаш өтүп жатат

0

Нарын шаарында хоккей оюну боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. 40 жаштан өткөн ардегер хоккейчилердин арасында уюштурулган бул таймашка төрт команда катышууда.

Алар Орусиянын Челябинск шаарынан, Казакстандын Алматы шаарынан жана Кыргызстандын аймактарынан келген командалар.

Оюн 9-январда башталган, финалы 11-январда өтөт.

Нарын шаарынын 150 жылдык мааракесинин алкагында өтүп жаткан бул таймашта азырынча Орусиянын хоккейчилери алдыда келе жатат. Ардагер спортчулардын мындай эл аралык беттешүүсү Нарын шаарында алгачкы жолу уюштурулду.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2603
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники