Спирт ичимдиктерин «Манас» деп атоого тыюу салуу сунушталды

0

Бүгүн, 10-январда Жогорку Кеңеште интернет-сайттарда спирттик ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды.

Анын жүрүшүндө КСДП фракциясынын депутаты  Кожобек Рыспаев “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” ысымдарын спирттик ичимдиктерге жарнамага пайдаланууга тыюу салуу боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылды.

“Чыңгыз Айтматов, Насирдин Исановго окшогон аты улук, улуу инсандарыбызды жарнамага пайдаланууга тыюу салбайлыбы? Бул боюнча депутаттардын баары колдоп берет болушу керек”, — деди эл өкүлү.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2610
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники