Бишкекте таксист кардарын сабап салган

0

Бишкекте таксист кардарын сабап, анын телефонун тартып алган. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка таянсак, айдоочу менен кардардын ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында айдоочу кардарды сабап, телефону менен акчасын алып койгон.

 "Жыйынтыгында жабырлануучуга 30 миң сомдук зыян келген. Оперативдүү иликтөөнүн жыйынтыгында 29 жаштагы Т.А кармалган. Свердлов райондук ИИБинин тергөө тобу тарабынан "Тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2613
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники