Атамбаев жакында КСДПнын лидери болот

0

Алмазбек Атамбаев жакынкы күндөрү КСДП партиясынын лидери болот. КСДП партиясынын курултайы январь айында өтмөк, бирок так кайсыл күнү экендиги белгисиз.

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин айтымында аталган партиянын лидерлигине азырынча Алмазбек Атамбаевден башка кишинин талапкерлиги жок.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаев өткөн жылдын 24-ноябрында президенттик кызматын тапшырып берген.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2615
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники