Тез жаңылыктар:

ЖККУнун жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо протоколуна түзөтүүлөр киргизилүүдө

0

Жогорку Кеӊеште Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалды. Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каржылык чыгым талап кылбайт. Ошондой эле, протокол КР Өкмөтүнүн жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндөгү саясатына туура келет.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2641
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники