Бишкек-Ош унаа жолуна чектөө киргизилди

0

Чүй облусунун Жайыл районунда унаа тыгындарын алдын алуу, болтурбоо жана жол тазалоо иштерин жүргүзүү максатында "Сосновка" постунда саат 12:00дөн баштап чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө кирди.

Бүгүн, 11-январь күнү Бишкек-Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусунан баштап Чычкан капчыгайына чейин) абалды текшерүү максатында ӨКМнин ыкчам тобу ӨКМдин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун Кыймылдуу башкару пунту менен чыгып кетишти.
Аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын тоолу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону белгилейт:
- ӨКМден берилген шашылыш билдирүүгө, аба-ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көнүл буруу;
- тоолуу унаа жолдорунда унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;
- кышкы дөңгөлөктөр;
- күрөкчө, чынжырча, аптечка болуусу зарыл.
Өзгөчө кырдаалдарда 112 кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2642
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники