Тез жаңылыктар:

Исфанада мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөр жазаланды

0

Баткен облусунун  Исфана шаарында  өз билемдик менен  мыйзамсыз курулуш жүргүзгөндөргө 200 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциядан кабарлашты.

Тагыраак айтканда, Мамэкотехинспекциянын Баткен, Сүлүктү  шаарлары, Баткен жана Лейлек райондору боюнча  региондор аралык  башкармалыгынын текшерүүсүндө, Исфана шаарынын Пулон көчөсүндө жеке ишкер өз билемдик менен эч кандай уруксаат кагаздары жок, курулуш жүргүзгөн. Андан сырткары курулушту соода түйүнгө ылайыктап  мыйзамсыз колдонуп жаткандыгы такталган.

Жеринде Мамэкотехинспекциянын адистери тарабынан тийиштүү кагаздар толтурулуп, курулушту буздуруу талабы коюлган. Бирок белгиленген мөөнөттө Инспекторлордун талаптары аткарылбагандыктан,  курулуш ээлерине  200 000 сом айып салынып, курулушту буздуруу талабы коюлган.  Андан соң   материалдар Лейлек райондук сотуна  өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө Лейлек райондук соту Мамэкотехинспекциянын койгон талаптарын канаатандырып, жакынкы күндөрү курулушту буздуруу иштери башталат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2652
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники