Тез жаңылыктар:

Мас айдоочу Алайдагы жардан унаасы менен кулап каза болду

0

Бүгүн, 11-январда саат 13:26 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Терек-Аңгал жарынан жеңил унаа кулап кетти. Коңур-Дөбө айыл аймагынын Жар-Кыштак айылында болгон окуянын кесепетинен айдоочу — 1978-жылы туулган П.Т. оор жаракат алып, көп узабай көз жумган.
ӨКМдин билдирүүсү боюнча, маркум Корул айыл аймагынын Тогуз-Булак айылынын тургуну экени белгилүү болду. Ал мас абалда унаасын башкарып жүргөн.
Булак: turmush.kg

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2657
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники