Тез жаңылыктар:

Исаков Талас облусуна иш сапары менен барат

0

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапар менен барат.

Өкмөт башчы сапар алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушмакчы.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2662
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники