Тез жаңылыктар:

Караколдогу массалык мушташка катышкандар кармалды (Видео)

0

Караколдогу массалык мушташка катышкан балдар кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБинен кабарлашты.

Маалыматка таянсак, бул окуя боюнча эч ким милицияга арыз менен кайрылган эмес. Бирок Массалык маалымат каражаттарына жарыяланган видеонун негизинде Каракол РИИБи териштирүү ишин жүргүздү.

"Эки тараптан тең катышуучулар кармалды. Алардын айтымында 5-январь күнү лыжа аянтчасынан ижарага лыжа алышкан. Кечинде лыжанын таякчасын сындырып алып келишип, ошонун айынан мушташ чыккан. Бирок алар бир пикирге келип, келтирилген чыгымды төлөп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2665
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники