Тез жаңылыктар:

12-16-январга карата күтүлгөн аба-ырайы

0

Январдын 12-нен 16-на чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат: 12-январда жана 14-16-январларда көпчүлүк аймактарда кар жаашы, кээ бир райондордо катуу жаашы күтүлөт. 13-январда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Унаа жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -7…-12°, күндүз -2…-7° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуу болот. Тоо этектеринде түнкүсүн -9…-14°, күндүз -2…-7° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -5…-10° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -10…-15° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2668
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники