Тез жаңылыктар:

Чубак ажы эл менен жолугушат

0

Бүгүн, 12-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий иш сапары менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында эл менен жолугушат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязовдун айтымында  иш сапарынын жүрүшүндө Чубак ажы Жалилов Кызыл-Кыя шаарындагы Мураталы Жуманов атындагы  борбордук  мечитинде жергиликтүү эл менен жолугушуп, жума баянын өтмөкчү. Ал эми дин аалымынын баяндамасына катышууну каалаган аялдар үчүн өзүнчө жай даярдалды.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2669
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники