Тез жаңылыктар:

Унааңызды “уурдатсаңыз” ушул жерден табасыз!

0

Бишкек шаарында авто унааларды туура эмес жерге же жол боюна коюп кеткендердин унаалары эвакуяциялоо 20018-жылдын январь айынан тартып ишке кирди. Жол Кыймылынын Коопсуздугун Көзөмөлдөө Башкы Башкармалыгынын (ЖККББ) башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловдун билдиришинче, бул боюнча жакында “Портал Групп” ЖЧКсы мене түз келишим түзүлүп, аталган компания жол көзөмөлдөөчүлөрдүн көрсөтмөсүнө ылайык, жол эрежесинен тыш токтогон унааларда атайын автоунаа токтоочу жайларга жеткирүүнү баштады.

Андыктан, мындан кийин кокус борбордук көчөлөрдүн жээгине мурдагыдай авто унааңызды токтото калып, таппай калсаңыз “уурдап кетти эле уурдап кетти” деп жер сабабай, т0(312) 532-233 же 0(557) 50-01-69 телефондоруна чалып, унааңыздын кайсыл айып аянтчасына жеткирилгенин билип алыңыз. Бишкек шаарындагы 24 саат бою иштеген атайын айып салынган унаалар токтоочу жайларды байланыш номурлары менен даректери төмөндө!

Чолпон-Ата көч. 1а, тел: 0 557 50 01 69; Шабдан Баатыр көч. 2А, тел: 0 700 17 59 62; Карадарыя туюк көч, тел: 0 773 72 00 37; Багижский туюк көч. 78, тел: 0 700 53 38 66

Айыпка жыгылган авто унааны кайтарып алуунун жалпы чыгымы болжол менен 2350 сом.

govori.tv

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2681
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники