Тез жаңылыктар:

Таласта Чынгыз Айтматовдун эстелиги ачылды

0

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 12-январда, Талас облусуна жумушчу сапар менен барып, Чынгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына катышты.

Өкмөт башчы сапар алкагында Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылында белгилүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чаралардын ачылышына катышты.

Мындан тышкары, Премьер-министр Манас районунун Май айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышып, ошондой эле Талас мамлекетик университетинин эмгек жамааты жана студенттери менен жолугушту.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2683
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники