Тез жаңылыктар:

Бабанов "Де-Фактону" кечирим сурасын деди

0

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата-Журт" фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов президенттик шайлоодо утулуп калгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда анын кайсыл өлкөдө экендигин эч ким билбейт. Бабанов атайын кайрылуу жолдоп, саясаттан да, депутаттыктан да биротоло кеткендигин жар салган.

Жакында "Де-Факто" гезити Бабановдун өлкөнүн сыртында жүргөн Мелис Мырзакматов, Жаныш Бакиев, Максим Бакиевдер менен жолуккандыгы тууралуу маалымат жарыялады.

Андан көп өтпөй, Өмүрбек Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу билдирүү таратты.

"Урматтуу өлкөбүздүн массалык маалымат каражаттары.
Ар кыл саясий оюндарга мени аралаштырбоого чакырам. Мен саясатта болбой турганымды айтканмын, ушул элимдин алдында айтылган сөзгө турам. Сиздерден суранаарым: такталган маалыматтарды жазсаңыздар.

Тилекке каршы кээ бирөөлөр учурдан пайдаланып, жалган маалыматтарды таркатуу менен өздөрүнүн аттарын чыгарып жатышат. Бүгүн болсо “Де-Факто” гезити дагы калп маалымат жазып, аны башка сайттар дагы чыгарышты. “Де-Факто” гезитин макаласын дагы төгүндүккө чыгарууну сурайм", - деп жазды ал.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2740
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники