Тез жаңылыктар:

Ошто 2002-жылы туулган бала изделүүдө

0

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлүмү дайынсыз жоголгон, Ош шаарынын Калинин массиви кѳчѳсүнүн тургуну, 2002-жылы туулган Фахринур Хурсандбекович Хасиловго издѳѳ салат. Ал 2017-жылдын 28-декабрында, түнкү саат 00.20 чамасында ѳз үйүнѳн белгисиз жакка чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.
Ѳзгѳчѳ белгилери: дене түзүлүшү-орто-толмоч, кара-тору. Кашы-кѳзү кара. Боюнун узундугу 165-175 см. Үстүндѳ кѳк түстѳгү кышкы куртка, боз түстѳгү спорттук трикочон болгон. Бутунда кара түстѳгү крассовкасы бар. Оң кулагынын артында 0.5 см. болгонѳзгѳчѳ белгиси- калы бар.
Бул баланын жүргѳн жери тууралуу маалымат билген болсоңуздар тѳмѳндѳгү телефондор аркылуу байланышса болот: 03222-2-08-63, 03222-2-75-15, 0707-88-84-84, 0551-05-42-75.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2763
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники