Тез жаңылыктар:

Кочкор-Атада балдар үчүн күнөскана иштетилет

0

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында жаш балдарды экологиялык таза азыктар менен камсыз кылуу үчүн күнөскана курулуп, февраль айынан баштап ага жашылчалар эгилмекчи. Мындай социалдык күнөскана шаар аймагында биринчи жолу пайда болду. Бул тууралуу шаардагы Насирдин Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинен билдиришти.

Аталган жатак мектебинин мугалими Гүлназ Кутубаева АКШнын элчилигине атайын долбоор даярдап, 5 миң доллар грант алууга жетишкен. Ага жатак мектебинин администрациясы да кол кабыш кылып, 100 миң сом бөлүм берген. Жатак-гимназия мектебиндеги курулуш иштери мектеп окуучулары жана мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн.

“Өз адистигим боюнча чет жакка барып билим алып келгем. Ал жактан келген соң, пайдалуу долбоор жазуу керек болчу. Биздин мектеп жатак-гимназия мектеби болгондуктан балдарды жалаң гана табигый, экологиялык таза жашылча, жер-жемиштер менен азыктандыруу максатында бул долбоорду жаздым. Ал колдоо таап, өз ишибизди баштап жатабыз”,-дейт ал.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2890
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники