Тез жаңылыктар:

Өткөн суткада 10 өрт кырсыгы катталды

0

Өткөн сутка ичинде Республиканын аймагында 10 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздугунун эрежесинин бузулушунун себебинен Бөкөнбаев көчөсү-113 дарегиндеги жаңы салынып жаткан үйдөн өрт чыккан.

Ч. Айтматов проспектиси №1. ОАО “БМЗ” (“БШЗ”). Үч кабаттуу имараттын экинчи кабаттындагы 100чарчы метрдиректордун кабинетиндеги: шкаф, үстөл, отургучтар, ноутбук, китептер, иш кагаздары, кондикционер толугу менен күйүп, өрт үчүнчү кабатка өткөн. 10чарчы метртерезелер, подоконниктер күйгөн.

Новопокровка айылындагы Ленин көчөсүнүн №414 үйдүн жанындагы жайгашкан темир контейнердин ички жасалгасы  күйгөн.

Баткен облусунун Согмент айылында жалпы аянты 108 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. 

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2911
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники