Тез жаңылыктар:

Ноокатта "Алым-Ата" кафеси толугу менен күйүп кетти

0

Ноокат районунун Зулпуев айыл аймагында 2018-жылдын 23-январында саат 17:50дө Ош көчөсүндө жайгашкан “Алым-Ата” кафесинен өрт чыгып, кафе толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №71 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, №104 ӨКБнөн 1 бөлүм, жалпы 3 бөлүм тартылып, өрт саат 19:30да чектөөгө алынып, саат 21:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен темир контейнерден курулган кафенин жалпы аянты 450 чарчы метр болгон чатыры, пластик шыбы жана дубалы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр шаймандарын куроодо эреженин бузулушу.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/2982
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники