Тез жаңылыктар:

Ноокенде 3 киши иске ууланып каза болду

0

4-февраль күнү саат 23:30 чамасында Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын Фрунзе көчөсүндөгү №54/2 үйүндө, үй ээлери 1953-жылы туулган (эркек киши) К.Ж, 1960-жылы туулган (аял) К.Г., жана Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Коммунизм айылынын тургуну 1966-жылы туулган (эркек киши) А.С. мештен (газ печка) чыккан газга ууланышып, каза болушкан жансыз денелери табылган.

Алгач үй ээсинин 1988-ж.т кызы ата-энесинен кабар алуу максатында барганда, үйдү эч ким ачпай койгондо, коншуларынын жардамында эшикти ачып киришкен. Үйдүн ичинде газдын жыты бар экендигин сезишкен жана печканын ачык калып калгандагын көрүшкөн.
Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, каза болгон атуулдардын денелери Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жеткирилди.
Бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок каза болгон атуулдардын жакын туугандары эч кимге арыз доосу жоктугун билдирип, соттук медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3275
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники