Тез жаңылыктар:

Ошто Эл аралык Эне тил майрамы белгиленди (фото)

0

Бүгүн Кыргыз-Өзбек Университетинин базасында Эл аралык Эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш чара өткөрүлдү. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаарындагы маданий борборлорунун өкүлдөрү жана тиешелүү жетекчилер катышышты.

Салтанаттуу иш чаранын жүрүшүндө улуттар аралык ынтымакты, биримдикти бекемдөө жана Эне тилди кадырлоо максатындагы көргөзмөсү уюштурулуп, адабий көркөм программасы тартууланды.
Төрага Ж.Ормонов Эл аралык Эне тил күнү менен шаардагы бардык улуттардын өкүлдөрүн кызуу куттуктап, бул багыттагы алгылыктуу салымдары үчүн Кыргызстан Элинин ассамблеясынын Оштогу бөлүмүнүн төрагасы Б.Нурумбетовго Ош шаардык Кеңешинин атынан ыраазылык билдирди.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3665
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники