Тез жаңылыктар:

Ош шаарынын мэриясынын коллегиясы өттү (фото)

0

Бүгүн, 2018-жылдын 28-февралында Ош шаарынын мэриясынын Коллегиясынын жыйыны мэриянын кичи залында өттү. Коллегиялык жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов, шаардын биринчи вице-мэри З.Аскаров, вице-мэрлер, тиешелүү ишкана-мекемелердин жетекчилери, массалык- маалымат каражаттары катышышты.
Коллегиялык жыйындын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды.
1.Ош шаарында жол коопсуздугун бекемдөөнүн кечиктирилгис чаралары жөнүндө.
2.Ош шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жазгы үч айлыкты өткөрүүнүн чаралары жөнүндө.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов биринчи маселенин жүрүшүндө өзүнүн төмөндөгүдөй сунушун айтты. Ош шаарында жол коопсуздугунун алдын алуу боюнча көчөлөргө, жолдорго сызылган линиялардын дана, так болушун жана көчөлөрдө коюлган видео камералардын туруктуу иштеп жаткандыгын тынымсыз көзөмөлдөө керектигин, ошондой эле автомектептердин абалдарды атайын жумушчу топтун кароосунан кийин, жыйынтыгы кийинки коллегиялык жыйындарда каралышы боюнча баса белгиледи.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3768
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники