Тез жаңылыктар:

Жарандык коргонуу кызматтары штабдык машыгууга катышууда (фото)

0

Жалал-Абад облусунун 2018-жылга түзүлгөн даярдык мерчеминин негизинде 2018-жылдын 1-мартында Жалал-Абад облусунда КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жетекчилиги астында “Өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана келип чыккан шартта, башкаруу органдарынын жана Жарандык коргонуу күчтөрүнүн аракети (жер титирөө)” темасында штабдык машыгуу башталды.

Машыгуу 2018-жылдын 1-2-март күндөрү эки этапта өтмөкчү.

Азыркы учурда областын бардык ЖК кызматтары, райондук мамлекеттик администрациялар жана  шаардык мэриялар тарабынан ӨК коркунучуна карата даярдык иш-чаралары жүрүп жатат.

URL: http://kyr.bulak.kg/show/3820
Досторуң менен бөлүш
Вконтакте Одноклассники